Ачык Коом Фонддору жана Жорж Сорос

Ачык Коом Фонддору жана Жорж Сорос

Download Files

Download this information as a fact sheet in Kyrgyz.
90.79 KB pdf

Ачык Коом Фонддорун 1984-жылдан бери өз кирешесинен кайрымдуулукка 14 миллиард доллар жумшаган, дүйнөдөгү эң белгилүү филантроптордун бири, Жорж Сорос негиздеген.

Ачык Коом дүйнө жүзүндөгү сөз эркиндиги, ачык айкындуулук, ишине эсеп берген өкмөт үчүн күрөшүп келе жаткан адамдарды жана уюмдарды, ошондой эле, адилеттүүлүк менен тең укуктуулукка умтулган коомдорду колдоп келет. Көбүн эсе мындай жардам Европадагы цыгандар сыяктуу тегине карап жектелип, коомдон четтеп калган катмарларга багытталган.

Ж. Сорос өзү да ушундай кодулоонуу башынан өткөргөн. Ал 1930-жылы Венгрияда туулган, нацистер басып алып 500 000 венгриялык еврейди өлтүрүгөн учурга туш болгон. 1947-жылы коммунисттер бийликке келип, Сорос Будапешттен Лондонго, кийин АКШга көчүп кеткен жана ал жактан финансы менен инвестициялар чөйрөсүндө иштеп байыган.

Сорос кайрымдуулук ишин 1979-жылы апартеидге кабылган кара түстүү түштүк африкалыктарга стипендия берүүдөн баштаган. 1980-жылдары ал коммунистик Венгрияда ачык пикир алмашуу идеясын жайылтууга көмөк көрсөткөн; Берлин дубалы кулагандан кийин ал бүт Чыгыш жана Борбордук Европада демократия институттарын чыңдоого жана алардын тажрыйбасын жайылтууга күч жумшаган.

“Муздак согуш” аяктагандан кийин ал кайрымдуулук иштерин АКШ, Африка жана Азия өлкөлөрүндө жайылтып, ишине эсеп берген, ачык айкын жана демократиялык коомдорду түзүүгө багытталган көптөгөн иш-аракеттерге колдоо көрсөтүп келет.

Ачык Коому Фонддору Тууралуу 9 Факт:

  1. Учурда Фонддор жыйырма үч улуттук жана аймактык фонддон турат. Ар бир фонддун ишмердигинин негизги багыттары жергиликтүү муктаждыктарга төп келишин камсыздаган жергиликтүү байкоочу комитети бар.
  2. Биринчи фонд 1984-жылы Венгрияда түзүлгөн, эң акыркысы 2016-жылы Мьянмарда ачылды.
  3. Жергиликтүү фонддордун өз алдынчалыгын сактоо жана алардын финансылык негизин бекемдөө максатында, Фонддор иштешкен уюмдардын көбүнө алардын бюджетинин 33% дан ашпаган бөлүгүн гана камсыздайт.
  4. Билл жана Мелинда Гейтс фондунан кийинки экинчи орундагы эң чоң жеке кайрымдуулук фонду. АКШлык бизнесмендердин кайрымдуулук кылуу салты Эндрю Карнеги жана Рокфеллер сыяктуу инсандардан, Форддордун үй-бүлөсүнөн башталат.
  5. Европадагы цыган азчылыгына көмөк көрсөтүп жаткан эң чоң жеке демөөрчү. 
  6. 1993-жылдан тартып, согуш болуп жатканда мурдагы Югославия өлкөлөрүнө, өзгөчө курчоодо калган Сараевого, ондогон миллион долларды гуманитардык жардам жана көмөк көрсөтүү аракеттерине жумшадык. 
  7. АКШда 1996-жылдан бери иштейбиз. АКШдагы программаларыбызга каражаттардан 17% жумшалат, анын ичинде кылмыш-жазык адилеттүүлүк системасын жана баңгизат мыйзамдарын реформалоонуу колдоо, демократикалык катышууну бекемдөө, ошондой эле эмиграция мыйзамдарын колдоо кирет. 
  8. Фонддор башкалар катышууну каалабаган талаштуу көйгөлөр боюнча саясат талкууларга дайыма катышып келет. Тегине карап коомдон өгөйлөнгөндөр менен иштешип келе жатканыбыз менен сыймыктанабыз.
  9. Фонддордун аталышы Карл Поппердин философиясын негиздөөчүбүзгө тийгизген таасирин көрсөтүп турат. Ал өзүнүн Ачык Коом жана анын душмандары деген китебинде, эч бир философия же идеология чындыктын акыркы чекити боло албайт жана коом демократикалык башкарууга, сөз эркиндигине жана жеке укуктарды сыйлоого орун бергенде гана өркүндөп өсө алат деп жазган.