Skip to main content

Кыргызстанда чакан салым жеткилең өзгөрүүлөрдү жана пайда алып келе алат

A man and a child dancing on a stage
Атасы менен баласы улуттук бийин коргозуудо. © Adilet Dubaev/Mark Twain

Ачык Коом Фондуларынын  колдоосунда YAF (Жаштар демилгелерин колдоо фонду) програмасы элүүдөн ашуун жаш активдүү жарандардын адам укуктарын алдыга сүрүү боюнча идеяларын колдогон. Ачык Коом Фондуларынын программалык менеджери Кимберли О‘Хэйвер YAF программасынын координатору Лира Момуналиева менен грант утуп алган жаштар өз өлкөсүндө адам укуктарын коргоо жаатына кантип салым кошкондору тууралуу маек курду.

Кыргызстанда адам укуктарына кам көргөн жаш жаран болуу кандай? 

Кыргызстанда адам укуктары көп учурда ММК жана өкмөт тарабынан кыргыз маданиятына коркунуч туудурган көрүнүш катары чагылдырылат. Мамлекеттик массалык маалымат каражаттарында  укук коргоо менен алектенген бейөкмөт уюмдар, өзгөчө чет жактан каржылангандар, Кыргызстанга коркунуч туудурган миссиясы жана саясаты бар деп көрсөтүлөт. 

Ошого карабастан, биз көрүп тургандай, чечкиндүү жаштар коомчулуктарында көйгөйлөрдү көрүп, өздөрүнүн жакындарынын, курбуларынын жана айыл же шаарларынын тургундарынын жашоолорун жакшы жакка өзгөрткүлөрү келет. Абдан чыгармачыл жаштар көйгөй чечүүнүн ар кандай жолдорун издеп, өздөрүнүн чөйрөсүндө позитивдүү өзгөрүүлөрдү жасоого кубаттандырып, үмүттөндүрүшөт. 

YAF программасы (Жаштар демилгелерин колдоо фонду) жаштарга кандай колдоо көрсөтөт?

Программа кичи гранттар аркылуу өз коомчулуктарына адам укуктары тууралуу маалымат таратуу боюнча жаңы жана кызыктуу идеялары бар 16 жаштан 28 жашка чейинки кыргызстандык жаштарды колдойт. Мисалы, биздин грант алуучулар бул багытта ар кандай ыкмаларды колдонушту: хип-хоп, көчө искусствосу, бий, форум-театр, хакатондор, музыканын жаңы багыттары ж.б.

Мындай кичи гранттардан пайда барбы? 

Ооба. Мисалы, Араван айылында салыштырмалуу чакан каражатка таасирдүү долбор ишке ашырылды. Биздин грант алуучубуз форум-театр аркылуу жергиликтүү тургундарга эрте турмуш курууга мажбурланган жаш кыздардын окуяларын көрсөтүп берди. Алар аялдар менен кыздар бул маселеде эч кандай укукка ээ болбогонун көрсөткүлөрү келген. Театрдан кийин жергиликтүү молдолор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар жана Араван айылынын тургундары менен талкуу жүргүзүлгөн. 

Мындай театралдаштырылган көрсөтүүлөр жана талкуулар, балким, айыл тургундарына кырдаалды башкача көз караш менен кароого түрткү болуп, жакшы өзгөрүүлөргө алып келет. Эң маанилүүсү – жергиликтүү молдолор эрте турмуш куруунун кесепеттери тууралуу жана мыйзамга баш ийүү жөнүндө айтып жатышты.  Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар дагы көп аял алуу мыйзамсыз экендигин белгилеп кетишти. (Көп учурларда жаш кыздарды экинчи, үчүнчү же төртүнчү аял кылып турмушка берип салышат.)

Грант алуучулар дагы кандай көйгөйлөргө көңүл бурууга аракет кылышат?

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары. Былтыр биз бир долбоордун алкагында Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош областынын Карасуу айылында угуу жөндөмү начар балдар менен иш жүргүзүлдү. Атайын сурдокотормочу жаңсоо тилинин жардамы менен балдарга БУУнун майыптардын укуктары тууралуу Конвенциясында жазылган укутарын үйрөттү. (24-берене)

Долбоорду ишке ашырууда билдар жаңсоо тилинде “адам укугу” деген түшүнүктү билбестиги анык болду. Бул сөздөрдү эч качан колдонуп көрүшпөптүр жана маанисин да билишпептир. Балдар үчүн бул тил жагынан да, жашоодо колдонуусунда да жаңы нерсе болду.

Read more

Subscribe to updates about Open Society’s work around the world

By entering your email address and clicking “Submit,” you agree to receive updates from the Open Society Foundations about our work. To learn more about how we use and protect your personal data, please view our privacy policy.