Ачык Коом Фонддорун 1984-жылдан бери өз кирешесинен кайрымдуулукка 32 миллиард доллар жумшаган, дүйнөдөгү эң белгилүү филантроптордун бири, Жорж Сорос негиздеген.
Ачык Коом дүйнө жүзүндөгү сөз эркиндиги, ачык айкындуулук, ишине эсеп берген өкмөт үчүн күрөшүп келе жаткан адамдарды жана уюмдарды, ошондой эле, адилеттүүлүк менен тең укуктуулукка умтулган коомдорду колдоп келет. Көбүн эсе мындай жардам Европадагы цыгандар сыяктуу тегине карап жектелип, коомдон четтеп калган катмарларга багытталган.
Ж. Сорос өзү да ушундай кодулоонуу башынан өткөргөн. Ал 1930-жылы Венгрияда туулган, нацистер басып алып 500 000 венгриялык еврейди өлтүрүгөн учурга туш болгон. 1947-жылы коммунисттер бийликке келип, Сорос Будапешттен Лондонго, кийин АКШга көчүп кеткен жана ал жактан финансы менен инвестициялар чөйрөсүндө иштеп байыган.
Сорос кайрымдуулук ишин 1979-жылы апартеидге кабылган кара түстүү түштүк африкалыктарга стипендия берүүдөн баштаган. 1980-жылдары ал коммунистик Венгрияда ачык пикир алмашуу идеясын жайылтууга көмөк көрсөткөн; Берлин дубалы кулагандан кийин ал бүт Чыгыш жана Борбордук Европада демократия институттарын чыңдоого жана алардын тажрыйбасын жайылтууга күч жумшаган.
“Муздак согуш” аяктагандан кийин ал кайрымдуулук иштерин АКШ, Африка жана Азия өлкөлөрүндө жайылтып, ишине эсеп берген, ачык айкын жана демократиялык коомдорду түзүүгө багытталган көптөгөн иш-аракеттерге колдоо көрсөтүп келет.
Ачык Коому Фонддору Тууралуу 9 Факт:
- Учурда Фонддор жыйырма үч улуттук жана аймактык фонддон турат. Ар бир фонддун ишмердигинин негизги багыттары жергиликтүү муктаждыктарга төп келишин камсыздаган жергиликтүү байкоочу комитети бар.
- Биринчи фонд 1984-жылы Венгрияда түзүлгөн, эң акыркысы 2016-жылы Мьянмарда ачылды.
- Жергиликтүү фонддордун өз алдынчалыгын сактоо жана алардын финансылык негизин бекемдөө максатында, Фонддор иштешкен уюмдардын көбүнө алардын бюджетинин 33% дан ашпаган бөлүгүн гана камсыздайт.
- Билл жана Мелинда Гейтс фондунан кийинки экинчи орундагы эң чоң жеке кайрымдуулук фонду. АКШлык бизнесмендердин кайрымдуулук кылуу салты Эндрю Карнеги жана Рокфеллер сыяктуу инсандардан, Форддордун үй-бүлөсүнөн башталат.
- Европадагы цыган азчылыгына көмөк көрсөтүп жаткан эң чоң жеке демөөрчү.
- 1993-жылдан тартып, согуш болуп жатканда мурдагы Югославия өлкөлөрүнө, өзгөчө курчоодо калган Сараевого, ондогон миллион долларды гуманитардык жардам жана көмөк көрсөтүү аракеттерине жумшадык.
- АКШда 1996-жылдан бери иштейбиз. АКШдагы программаларыбызга каражаттардан 17% жумшалат, анын ичинде кылмыш-жазык адилеттүүлүк системасын жана баңгизат мыйзамдарын реформалоонуу колдоо, демократикалык катышууну бекемдөө, ошондой эле эмиграция мыйзамдарын колдоо кирет.
- Фонддор башкалар катышууну каалабаган талаштуу көйгөлөр боюнча саясат талкууларга дайыма катышып келет. Тегине карап коомдон өгөйлөнгөндөр менен иштешип келе жатканыбыз менен сыймыктанабыз.
- Фонддордун аталышы Карл Поппердин философиясын негиздөөчүбүзгө тийгизген таасирин көрсөтүп турат. Ал өзүнүн Ачык Коом жана анын душмандары деген китебинде, эч бир философия же идеология чындыктын акыркы чекити боло албайт жана коом демократикалык башкарууга, сөз эркиндигине жана жеке укуктарды сыйлоого орун бергенде гана өркүндөп өсө алат деп жазган.
Download
-
Ачык Коом Фонддору жана Жорж Сорос (91.24 Kb pdf file)
Download this information as a fact sheet in Kyrgyz. (Updated: February 21, 2018)
Read more
Fact sheet
The Open Society Foundations in Europe
As Europe faces new political challenges rooted in profound global technological and economic change, the Open Society Foundations seek to get everyone involved in the decisions that shape the future.
Fact sheet
The Open Society Foundations in Germany
The Open Society Foundations’ Berlin office is a base for both regional and global work on issues ranging from justice system reform, to efforts to ensure access to decent health care for all.
Fact sheet
The Open Society Foundations in Spain
The Open Society Foundations established a regional headquarters in Barcelona in 2013, where some two dozen staff oversee grant giving across most of Europe.